КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 9-апрели № 97/XXVIII - 2
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган батирлерди жана жер тилкелерин аукциондон сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын «Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган батирлерди жана жер тилкелерин аукциондон сатууга макулдук берүү жөнүндө» катын карап чыгып. Кайыңды шаарынын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды, гранттарды тартуу жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 517 токтому менен бекитилген муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин «Акы төлөнүүчү менчик же ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобонун” негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаардык мэриясынын муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган төмөнкү даректерде жайгашкан батирлерди жана жер тилкелерин аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин:
1) 2 бөлмөлүү батир, дареги: Кайыңды ш., Коммунистическая 5/1 көчөсү;
2) 2 бөлмөлүү батир,дареги: Кайыңды ш., Коммунистическая 5/4 көчөсү;
3) 1,6 га жер тилкеси, дареги: Кайыңды ш., Эмгек 49 көчөсү;
4) 175,0 кв.м. жер тилкеси, дареги: Кайыңды ш., Коммунистическая 32/3 көчөсү;
5) 609,0 кв.м үй менен жер тилкеси, дареги: боюнча: Кайыңды ш., Калинина 7 көчөсү;
6) 2938,80 кв.м. жер тилкеси, дареги: Кайыңды ш., Эмгек 7 көчөсү;
7) 4235,0 кв.м. жер тилкеси, дареги: Кайыңды ш., Гагарина 18 көчөсү;
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын курулуш жана жер пайдалануу комиссиясы ушул Жарлык менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна акы төлөнүүчү менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого” ылайык ачык аукцион өткөрсүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 - бекитилген токтомунун негизинде.
3. Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономика бөлүмү жер тилкелерин сатуудан түшкөн каражаттарды Кайыңды шаарынын мэриясынын топтоо эсебине чегерсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак жай маселелери боюнча жана бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Т. Иманкулов |