ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун
2024-жылдын 3-апрели №1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышы тууралуу маалыматын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин жыл ичиндеги киреше бөлүгү 85 040 322 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү 71 123 922сомду түзүп
- аппаратка 24 064 314 сом
- айылдык кеңешке 963 875 сом
- жайытка 839 000 сом
- ЖКХ 21 030 695 сом
- өзгөчө кырдаалдарга 250 000 сом
- мектептерге 8 037 370 сом
- маданий иш чараларга 800 000 сом
- бала бакчаларга 10 606 368 сом
- клубтарга 2 298 100 сом
- китепканаларга 1 885 700 сом
- социалдык жардамдарга 348 500 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |