Сравнение редакций…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-майы № 132
Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 108 дарегинде жайгашкан турак эмес жайды мамлекеттик менчикке ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 108 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 0,201 гектар жанаша жаткан жер участогу менен, идентификациялык коду: 1-01-05-0039-0067 жалпы аянты 1288,3 чарчы метр муниципалдык турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Конгантиев |
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-майы № 132
Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 108 дарегинде жайгашкан турак эмес жайды мамлекеттик менчикке ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)
Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаары, Шопоков көчөсү, 108 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 0,185 гектар жанаша жаткан жер участогу менен, идентификациялык коду: 1-01-05-0039-0067 жалпы аянты 1288,3 чарчы метр муниципалдык турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берилсин.