Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

2024-жылдын 03-апрель №2 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинен 2024-жылга калган калдыкты кароо жөнүндө 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин  жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинен 2024-жылга карата калган калдыктарды бөлүштүрүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.            Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинен калган 13 916 400 сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилип төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.

- маданий иш-чараларга 50 000 сом

- ЖКХ 4 267 200 сом

- мектептерге  4 299 200 сом

- бала бакчаларга 5 250 000 сом

- китепканаларга 50 000 сом.

 

2.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

С.Мойдунов