Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 130 «Томми молл» соода-оюн-зоок борборундагы муниципалдык турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 130
Кабыл алынган
2024-жылдын 14-майы
Чыгарган
Бишкек шаардык кенеши

Каттоо жана жарыялоо

Каттоо
№ 3582 · 2024-жылдын 31-майы
Жарыялоо
www.gorkenesh.kg · 2024-жылдын 16-майы
Реестрде
2024-жылдын 5-июну

Реестрде

Минюст коду
230007217

Минюсттун расмий барагы

Категория

ЗданиеМуниципалдык менчикке өткөрүп берүүКоммуналдык менчик

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция14.05.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 14-майы № 130

"Томми молл" соода-оюн-зоок борборундагы муниципалдык турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Азыркы турган кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү, 17/ 2 дарегиндеги "Томми молл" ("Tommi mall") соода-оюн-зоок борборунун экинчи кабатында жайгашкан жалпы аянты 1257,5 чарчы метр, идентификациялык коду: 1-04-13-0015-0033-0188-01 муниципалдык турак эмес жайды мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Конгантиев

 

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.