Редакцияот 09.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 9-апрели № 98/XXVIII - 3

Жер тилкелерди ижарага пайдалануу үчүн берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кайыңды шаарынын мэриясынын «Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерин ижарага пайдалануу үчүн берүүгө макулдук берүү жөнүндө» катын карап чыгып. Кайыңды шаарынын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды, гранттарды тартуу жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 517 токтому менен бекитилген муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин «Акы төлөнүүчү менчик же ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Жобонун” негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1.Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн муниципалдык менчигиндеги төмөнкү даректерде жайгашкан жер тилкелерин ижарага пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

1) 15,0 кв.м. жер тилкеси, Кайыңды шаары, Октябрдын 60 жылдыгы көчөсү дарегинде жайгашкан (мечиттин жанында);

2) 14,1 кв.м. жер тилкеси, Кайыңды шаары, Казаченко н\ж көчөсү дарегинде жайгашкан (чач тарач);

3)15,0 кв.м. жер тилкеси, Кайыңды шаары, Казаченко н\ж көчөсү дарегинде жайгашкан (Соода павильону);

4)29,8 кв.м. жер тилкеси, Кайыңды шаары, Московская н\ж көчөсү дарегинде жайгашкан (коомдук мончонун жанында);

5) 23,0 кв.м. жер тилкеси, Кайыңды шаары, Заводская н\ж көчөсү дарегинде жайгашкан (Лимон дүкөнү);

 

3. Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономика бөлүмү жер тилкелерин ижарага пайдаланууга берүүдөн түшкөн каражаттарды Кайыңды шаарынын мэриясынын топтоо эсебине чегерсин.

 

4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак жай маселелери боюнча жана бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Т. Иманкулов