Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылы 21-майы №32
Кызыл-Бел айылындагы таможнянын жанындагы 208- контурунда жайгашкан 2,0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 08.05.2024-жылдагы №01-13/1970 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы таможнянын жанындагы 208- контурунда жайгашкан 2,0 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы таможнянын жанында 208- контурунда жайгашкан 2,0 га жер аянтынын “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж.Шадиманова |