Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылы 21-майы №34
Алты-Адыр участкасындагы өнөр жай үчүн транформацияланган жер аянттарынын багытын бекитип берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №2 протоколунун негизинде Алты-Адыр участкасындагы өнөр жай үчүн транформацияланган жер аянттарынын багытын бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр участкасындагы өнөр жай үчүн транформацияланган жер аянттарынын багыты төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
1. Тоокканалар комплекси –20,0 га
2. Логистикалык комплекси –60,0 га
3. Үлүл таш кесүүчү цех - 0,45 га
4. Заправка газ, тех, дүкөн, мойка, тойкана, ашкана – 1,63 га
5. Заправка газ, тех, дүкөн, мойка, тойкана, ашкана – 1,58 га
6. Айыл чарба фермасы – 4,0 га
7. Жашылча мөмө жемиш кургатуучу цех, таза суу кампасы – 10,0 га
8. Соода түйүндөрү - 6,7 га
10. Жашылча мөмө жемиш кургатуучу цех, таза суу кампасы, заправка газ, тех, дүкөн, мойка, тойкана, ашкана, соода түйүндөрү, таш кесүүчү цех, логистикалык борбор – 12,0 га
11. Асыл тукум мал чарбасы үчүн - 10,0 га
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж.Шадиманова |