Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылы 21-майы №35
Жайыт тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин төрагасы С. Исаковдун сунушунун, Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын №4 протоколунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагындагы жайыттарды пайдаланууну жакшыртуу максатында түзүлгөн жайыт тарифи төмөнкүдөй бекитилсин.
К № | Мал түрү | Тариф баасы бир баш үчүн (сом) |
| Бодо малга | 200 |
| Майда малга | 40 |
| Жылкыга | 200 |
| Алты айга чейинки төл | 0 |
Башка айыл аймактардын малына эки эсе төлөнөт.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж.Шадиманова |