Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылы 21-майы №36
Муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кара-Бак айыл аймагындагы төмөнкү ишканалар: жайыт комитети, тазалык, агын суу, сугат суу, ишканалары
1. “Анар-Суу” таза суу муниципалдык ишканасы,
2. “Ак Суу Кара-Бак” сугат суу муниципалдык ишканасы,
3. “Кызыл-Конуш” таза суу муниципалдык ишканасы,
4. “Кызыл-Кыр” сугат суу муниципалдык ишканасы,
5. “Кара-Бак Жайыт” муниципалдык ишканасы,
6. “Кара-Бак тазалык” муниципалдык ишканасы,
7. “Кызыл-Бел тазалык” муниципалдык ишканасы деп түзүп айыл өкмөтүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж.Шадиманова |