ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун
2024-жылдын 3-апрели №4
Кызыл-Эшме айылдык маданият үйүнүн башчысы Абдимуталип уулу таланттын кайрылуусун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу КызылЭшме айылындагы маданият үйүнүн башчысынын Кызыл-Эшме айылдык маданият үйүнө керектелүүчү музыкалык аппаратура жана эмеректерди алууга акча каражатын бөлүп берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылындагы маданият үйүнө керектелүүчү музыкалык аппаратура жана эмеректерди алуу үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен 267 000 сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социлдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |