Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 20-майы № 100/XXIX - 1
Кайыңды шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасын жана чек ара баяндамасын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кайыңды шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасын жана ага тиркелген чек ара баяндамасын бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасына жана Кайыңды шаарынын мэрине схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Панфилов районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын м.а. | У.Б. Абдрасулов |