Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы
2024-жылдын 21-майы № 5/1
Үч-Коргон айыл аймагынын Калтак айылындагы “Манас-Ата” орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык өңдөө үчүн акча каражаты бүлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс мыйзамдарынын жетекчиликке алып, Үч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калтак айылындагы “Манас-Ата” орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоо долбоору үчүн өздүк салым катары 2024 – жылдын бюджетинен 725 000 ( жети жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүштүрүлүп берилсин.
2. Калтак айылындагы “Манас-Ата” орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бөлүштүрүлгөн акча көлөмүн мыйзам чегинде атайын эсепке которуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |