Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы
2024-жылдын 21-майы № 5/2
Үч-Коргон айыл аймагына караштуу “Көк-Дөбө” жайытындагы 712,69 га жер аянтына “Голд Майнинг” ЖЧКсына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Коргон айыл өмөтүнүнүн 2024-жыл 21-майындагы №01-15/81 катын жетекчиликке алып, Үч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагына караштуу “Көк-Дөбө” жайытындагы 712,69 га жер аянтына “Голд Майнинг” ЖЧКсына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айылдык кеңешинин агрардык жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |