Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы
2024-жылдын 21-майы № 5/4
Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча “Жумушчу топ” жөнүндө Жобону бекитип берүү жөнүндө
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча “Жумушчу топ» жөнүндө Жобонун негиздерин угуп жана талкуулап, Үч-Коргон айылдык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүлөрдүуюштуруу жана айыл өкмөтүндө башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында «Жумушчу топту» түзүү жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
2. Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
3. Кызмат көрсөтүүгө өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө методологиясы жөнүндө Жобо бекитилсин.
5. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобо бекитилсин.
6. Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү жаңыдан түзүлгөн бардык Жоболорунун негизинде иш алып барылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы айылдык кенешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | М.Кочконова |