ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун
2024-жылдын 3-апрели №9
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК кобинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын 2024-жылга карата калган калдыгын бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана ФЭБ башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2023-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын 2024-жылга карата калган калдыгын бөлүштүрүү боюнча долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2023-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынан калган калдык 61 000 сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин жана төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
- Дароот-Коргон айылындагы спорт комплекстин от казанынан калган карызды төлөө үчүн 61 000 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |