Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

2024-жылдын 3-апрели №10

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын  2023-жылдагы атайын  каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.

 

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын  2023-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2024-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1.      Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын  2023-жылдагы атайын каражатынан калган 293 800  сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.

-         Бала бакчалардагы балдардын  тамак ашы үчүн 293 800  сом

     

2.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

С.Мойдунов