Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

2024-жылдын 03-апрели №11 

Жайыт комитетинин 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун  жайыт тармагы боюнча  2023-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2024-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1.     Жайыт комитетинин 2023-жылдагы атайын каражатынан калган 20 сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.

-           жайыт комитетинин атайын каражатына 20 сом.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

С.Мойдунов