Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

2024-жылдын 03-апрели №12  

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин кайрылуусун кароо  жөнүндө.

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу, Чак, Жаш-Тилек айылдарындагы жана  Дароот-Коргон айылындагы Н.Туйгунов атындагы каналдарды жазгы сугат  иштерине карата тазалоодо каналдардын кырына өз алдынча өсүп чыгып каналга жолтоо кылган  бак-дарактарды алып салуу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1.            Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу, Чак, Жаш-Тилек айылдарындагы каналдардын жана Дароот-Коргон айылындагы Насиридин Туйгунов атындагы каналын жазгы сугат иштерине карата тазалоодо каналдардын кырына өз алдынча өсүп чыгып каналга жолтоо кылган  бак-дарактарды алып салууга макулдук берилсин.

 

2.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

С.Мойдунов