Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясы
2021-жылдын 18-январы № 1
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ала-Бука райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Көк-Таш айыл өкмөтү түзгөн келишимди бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ала-Бука райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Көк-Таш айыл өкмөтү түзгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү” маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Көк-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ала-Бука райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Көк-Таш айыл өкмөтү түзгөн келишим тиркеме ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |