Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясы
2021-жылдын 18-январы № 2
А.Жумабаев атындагы орто мектептин алдындагы жатак интернаттын окуучуларын ташуу үчүн алынган Спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Г.Рахмановдун эмгек акысын бекитүү жөнүндө
А.Жумабаев атындагы орто мектептин алдындагы жатак интернаттын окуучуларын ташуу үчүн алынган Спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Г.Рахмановдун эмгек акысын бекитүү максатында, Көк-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.А.Жумабаев атындагы орто мектептин алдындагы жатак интернаттын окуучуларын ташуу үчүн алынган Спринтер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Г.Рахмановго 2021-жылдын 11-январынан баштап 1-июлга чейин соцфонд, киреше салыгы кошо эсептелген 18 000 (он сегиз миң) сомдон эмгек акы бекитилсин.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |