Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясы
2021-жылдын 18-январы № 3
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына 2021-жыл ичинде жарыяларды берүү үчүн каражат кароо жөнүндө
Айылдык кеңештин токтомдорун жана ар түрдүү жарыяларды калк арасына жайылтууда ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында, Көк-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Көк-Таш айылдык кеңешинин кабыл алган токтомдорун жана ар түрдүү жарыя материалдарды Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына 2021-жыл ичинде толук жарыялоо үчүн, жеке ишкер Алчынбаев Бектур Балтагуловичке келишимдин негизинде бир жылга 24 000 (жыйырма төрт миң) сом каражатууга макулдук берилсин.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |