Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз VI сессиясынын

 

 

2023-жылдын 27-июлу № 2

 

Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой жайыт комитеттерин жана СПА ларын кайра өзүнүн калыбына калтыруу жөнүндө

Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой жайыт комитеттерин жана СПА ларын кайра өзүнүн калыбына калтыруу жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңеши угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой жайыт комитеттери жана СПА лары биргелештирүүнүн бардык документтери бүткөнгө чейин кайра өзүнүн калыбына калтырылсын жана өзүлөрүнүн мурунку укуктарынын негизинде иш жүргүзүлсүн.

 

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

А.Муталиев