Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 2
2021-жылга карата Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Эгемовдун 2021-жылга карата жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрү тууралуу маалымат-билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.2021-жылга карата Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 121889000 (бир жүз жыйырма бир миллион сегиз жүз сексен тогуз миң) сом, атайын каражаттын киреше бөлүгү 455000 (төрт жүз элүү беш миң) сом болуп бекитилсин.Ал эми жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү 121889000 (бир жүз жыйырма бир миллион сегиз жүз сексен тогуз миң) сом, ал эми атайын каражаттын чыгаша бөлүгү 455000 (төрт жүз элүү беш миң сом болуп бекитилсин.
2.Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жалпы кирешесинин 1% 1218890 ( бир миллион эки жүз он сегиз миң сегиз жүз токсон) сому резервдик фондго ажыратылсын.
3.Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жалпы кирешесинен 955000 (тогуз жүз элүү беш миң) сом табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатына ажыратылсын.
4.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго, көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |