Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 23-майы № 274-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык:
1. 1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жогоруда аталган Протоколду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-майындагы № 274-т тескемеси менен жактырылган
|
1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын протоколуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарга, финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Кыргыз Республикасы 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1995-жылдын 8-июнундагы З № 121-1 "Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1995-жылдын 10-июнундагы П № 94-1 "Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" токтому менен кошулган 1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенция бардык адамдардын маданий мурасы үчүн чоң мааниге ээ болгон маданий баалуулуктарды коргоонун жалпы жана атайын системасын карайт. Протоколдун максаты Конвенцияга катышуучу мамлекет тарабынан жарым-жартылай же толугу менен басып алынган аймактан маданий баалуулуктарды ташып кетүүнү алдын алуу, ошондой эле кайсы болбосун басып алынган аймактан анын аймагына ташылып келген маданий баалуулуктарды коргоо болуп саналат.
Протоколго кошулуу эл аралык маданий алмашууну өнүктүрүүгө таасирин тийгизүүчү жана маданий баалуулуктарды коргоону, эл аралык мамилелердин кыйла гумандуу системасын түзүүнү камсыз кылуучу эл аралык жана улуттук стандарттарды колдонуу тажрыйбасын эске алуу менен маданий баалуулуктарды сактоо жаатындагы келечектүү жаңы натыйжаларды алууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары бул маданий баалуулуктарды коргоо үчүн негиз болот, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине куралдуу жаңжал болгон учурда маданий баалуулуктарды коргоого даяр болуу үчүн бардык зарыл болгон даярдоо чараларын көрүүгө мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда Протоколго 113 өлкө кошулган. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Протоколго Россия Федерациясы, Украина, Беларусь Республикасы, Азербайжан Республикасы, Молдова Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан, Казакстан Республикасы, Армения Республикасы кошулган.
Протоколго кошулуу маселеси 2021-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан жактырылган.