Редакцияот 15.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 21-отуруму (сессиясы)

2021-жылдын 15-майы № 21-1

Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын 12-отурумундагы 12-1 токтомуна өзгөртүү киргизүү  жөнүндө

                Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жооптуу катчысы Н.Атаканованын билдирүүсүнө негиз,Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин  7-чакырылышынын 12-отурумундагы 12-1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап,  Н.Исанов атындагы айылдык  Кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.              Исанов атындагы айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын 12-отурумундагы 12-1 токтомуна өзгөртүү киргизүү колго алынсын.

2.              Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин  7-чакырылышынын 12-отурумундагы 12-1 токтомунун 1-пунктундагы «Кожоке айылына караштуу Кожоке атындагы орто мектебинин күн батыш тарабындагы жолдун асты жагынан бала бакча куруу үчүн айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жеринен 0,40 га жер тилкеси  бөлүнүн берилсин»деген сөздөрү алынып салынып,“Айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-апрелдиндеги Н.Исанов атындагы Айылдык Кеңешинин жер аянттарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жолу менен берүү,ижарага жана өздөштүргөн жерге өз менчигик укуктарын бекитип берүү боюнча комиссиянын заседаниесинин 2013-жылдын 12-апрелиндеги №4 протоколун бекитип берүү жөнүндөгү” №95 токтомунун 2-пунктуна негиз,мектепти кесип өткөн жолдун батыш жагындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 0,70 га жер тилкесинин 0,40 га жер тилкесине бала бакча куруу үчүн ажыратып берилсин” деген сөздөрү менен алмашылсын.

3.              Ажыратылып берилген жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын,Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан,Ноокат райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан даярдоо жагы Жер боюнча башкы адис М.Маликовго милдеттендирилсин.

4.              Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин «айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология  боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Н.Жолдошов