Редакцияот 09.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы

2021-жылдын 9-марты № 2

Материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат кароо жөнүндө

Атайын ооруканаларда тез арада дарылануу үчүн материалдык жардам сурап кайрылган турмуш шарты оор, үй-бүлөсү колдоого муктаж оорулуу жарандар тууралуу маалыматты угуп жана талкуулап, алардын арыздарын канааттандыруу максатында Көк-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Атайын ооруканаларда тез арада дарылануу үчүн материалдык жардам сурап кайрылган турмуш шарты оор, үй-бүлөсү колдоого муктаж төмөнкү оорулуу жарандардын арызын канааттандыруу үчүн жалпы суммасы 410 000 ( төрт жүз он миң) сом каражат жергиликтүү бюджеттен ажыратылсын.

1.Жуманазаров Ермаматка -60 000 (алтымыш миң) сом;

2.Курчиева Гулайимге-60 000 (алтымыш миң) сом;

3.Шаниметова Малюдага-60 000 (алтымыш миң) сом;

4.Жакиева Муслибажанга-50 000 (элүү миң) сом;

5.Тажибаев Абдумаликке-50 000 (элүү миң) сом;

6.Рысалиева Гулнарага-40 000 (кырк миң) сом;

7.Кожобеков Бегматка-30 000 (отуз миң) сом;

8.Салиева Гүлайымга-30 000 (отуз миң) сом;

  Колдоого муктаж турмуш шартына байланыштуу жалгыз бой эне Досбаева Назигүлгө метариалдык колдоо үчүн 30 000 (отуз миң) сом.

2.Каражатты ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго жана социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Байнаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Жакыев