Редакцияот 09.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы

2021-жылдын 9-марты № 5

“КАЗМинералз Бозумчак” ЖЧКнын демөөрчүлүгүндө курула турган Жалгыз-Өрүк айылындагы кичи футбол аянтчанын ордун сүрдүрүп, тегиздеп даярдап берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат кароо жөнүндө

Эки тараптуу түзүлгөн Меморандумдун негизинде “КАЗМинералз Бозумчак” ЖЧКнын демөөрчүлүгүндө Жалгыз-Өрүк айылына курула турган кичи футбол аянтчанын ордун техника менен тегиздеп сүрдүрүп даярдоо үчүн жана ушул эле айылдагы эки көпүрөнү курууда смета-проектен тышкары кошумча жумуштар аткарылгандыгы үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат кароо зарылдыгы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап,

Көк-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Эки тараптуу түзүлгөн Меморандумдун негизинде “КАЗМинералз Бозумчак” ЖЧКнын демөөрчүлүгүндө Жалгыз-Өрүк айылына курула турган кичи футбол аянтчанын 1000 (миң) чарчы метр ордун техника менен тегиздеп сүрдүрүп даярдоо үчүн жана ушул эле айылдагы эки көпүрөнү курууда смета-проектен тышкары кошумча жумуштар аткарылгандыгы үчүн жергиликтүү бюджеттен 500 000 (беш жүз миң) сом каражат ажыратылсын.

2.Сүрүлө турган жерге тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана бардык жумуштарга акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Жакыев