КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 9-марты № 7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун турмушка ашыруу жөнүндө
“Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун турмушка ашыруу тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.“Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун турмушка ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2.Мектеп директорлору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун турмушка ашыруу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |