Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 9-февралы №24/7

Атайын каражат эсебиндеги бош калган каражаттар жөнүндө

Кочкор айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясынын Кочкор айыл аймагындагы бала бакчалардын атайын эсебиндеги бош калган каражатын бөлүштүрү боюнча сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, токтом кылат:

1. Бала бакчалардын жана аппаратын атайын эсебиндеги 2023-жылдын 1-январына бош калган сумма 347048,21 (үч жүз кырк жети миң кырк сегиз ) сом 21 тыйын акча каражаты бала бакчалардын тамак аш менен камсыз кылуу үчүн жана ар кандай чыгымдарга бөлүнсүн.

№

Аталышы

суммасы

2218

Тамак-ашка

257064,54

2215

Ар кандай чыгым учун

89983,67

 

Баардыгы

347048.21

 

 

2. Бул токтомдун аткарылышын, ушул токтомдо каралгандардын чыгымдалышына көзөмөл кылуу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирлан Мажитовичке милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Э.Эшмукамбетов