Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 9-февралы №24/10
Кочкор райондук өнүктүрүү фондусунан акча каражат алуу жөнүндө
Кочкор райондук өнүктөрүү фондусунан пайызсыз, кайтарымдуу акча каржат алуу жөнүндө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловдун сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор райондук өнүктүрүү фондусунан 25 000 000 (жыйырма беш миллион) сом акча каражаты кайтарымдуу суралып алынсын.
2. Акча каражат алууда сметалык документтерин даярдап мыйзам чегинде иш алып баруу жана алынган акча каражатын үнөмдүү, максаттуу пайдалануу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлгө алуу бюджет, экономикка иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Э.Эшмукамбетов |