Редакцияот 02.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXXIII заседаниеси

2021-жылдын 2-майы № 43/1

Аюу-Тапан айылына “ Эркин энергосеть” ЖЧК коому тарабынан кичи ГЭС куруу жөнүндө

  Жошолу айыл өкмөтүнүн Аюу-Тапан айылынын тургундарынын 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 02-протоколунун негизинде “ Эркин энергосеть” ЖЧК коому тарабынан кичи ГЭС куруу жана жер участогун бөлуп берүү боюнча сунушун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 82-беренелерине , Кыргыз Республикасынын “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамынын 5 жана 6 беренелерине, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31, 36 жана 37 –беренелерине ылайык Жошолу айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Жошолу айыл өкмөтунө караштуу Аюу-Тапан айылынын тургундарынын 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 2 протоколунун негизинде Аюу-Тапан айылындагы жана Орто-Суу айылындагы суунун боюнан “ Эркин энергосеть” ЖЧК коомунун атайын адистеринин жана Жошолу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери менен биргеликте карап чыгып пайдаланылбаган бош аянттан аталган айылдарга 0,15 га дан ( жалпы 0,30 га ) жер аянты такталып , бөлүнүп берилсин .

 

2.  Кичи ГЭСти курууда мыйзамдуу , сапаттуу пайдалануу жактарын карап , анын иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жээнбековго милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Абдырахмановго тапшырылсын .

 

Төрага:

З.Боронов.