Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 5-февралындагы № 34 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 28-майы № 90
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 4-бөлүгүнүн колдонулушу токтотулуп турат жана 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүүгө жайылтылбайт деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча пайданы республикалык бюджеттин кирешесине жүз пайыз өлчөмүндө которууну жүзөгө ашырсын.
2-берене.
Күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-июнундагы № 44 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-июну, № 53);
2) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 19-июлундагы № 141 конституциялык Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 21-июлу, № 58).
3-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С. Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 8-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |