Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХXIX кезекcиз сессиясы
2024-жылдын 23-апрели № 147/29-28
«Подгорное айылына суу тарттыруу үчүн насостук станция менен сугат суу системаны капиталдык оңдоодон өткөрүү» долбоорун артыкчылыктуу деп табуу жөнүндө
Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси - Н.О.Мамырканованын «Подгорное айылына суу тарттыруу үчүн насостук станция менен сугат суу системаны капиталдык оңдоодон өткөрүү» долбоорун ишке ашыруунун зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Подгорное айылына суу тарттыруу үчүн насостук станция менен сугат суу системаны капиталдык оңдоодон өткөрүү» долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Орловка шаарынын мэриясы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү фонддорго өтүнмө берсин жана башка финансылык булактарды тартсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Т.Э.Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |