ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXXIII заседаниеси
2021-жылдын 2-майы № 43/2
Айыл өкмөтүнө караштуу Осоавиахим айылынын атын мурунку “ Үсөн-Кыштоо” атылышына которуу жөнүнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык –аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын ишмердиги жөнүндө ЖОБОнун жана Жошолу айыл өкмөтүнүн Осоавиахим айылынын жашоочуларынын 2021-жылдын 03-майындагы элдик жыйынынын № 03 -протоколунун негизинде Жошолу айылдык кеңеши
ТОКОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык –аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын ишмердиги жөнүндө ЖОБОнун жана Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Осоавиахим айылынын 2021-жылдын 2-майындагы элдик жыйынынын № 03-протоколунун негизинде Осоавиахим айылы мурунку аталышы “ Үсөн-Кыштоо” айылы деп өзгөртүлүп аталсын.
2. Айылдын аталышын өзгөртүүгө тиешелүү иш кагаздарын даярдап, иш кагаздарынын мыйзамдуулугун тактоо , айылдык кенештин уюштуруу –укуктук маселелери ,боюнча мыйзамдуулук боюнча комитетине жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Жээнбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жага айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановго тапшырылсын .
Төрага: | З.Боронов. |