ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезексиз XXXVII сессиянын
2024-жылы 14-февралы №5
“Жалал-Абад шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин
Жобосун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жаштар жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесин негиз
кылып, Жалал-Абад шаардык мэриясынын 17.01.2024-жылдагы чыг.№01-19/191-сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын 30.08.2023-жылдагы отурумунда карап чыгып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети
түзүлсүн.
2. “Жалал-Абад шаарынын жаштар иштери боюнча комитети жөнүндө” Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице мэрине (Г.Таштанбекова) ушул токтомдун аткарылышы боюнча иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик
реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев. |
Жалал-Абад шаардык кеңештин 14.02.2024-жылдагы кезексиз XXXVII сессиясынын №5-токтомуна №1- тиркеме |
Жалал-Абад шаарынын жаштар иштери боюнча комитети жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Комитеттин юридикалык статусу, максаттары, укуктары, милдеттери жана иш-
чаралары
3. Комитеттин башкаруу жана кызматкерлеринин эмгек мамилелери
4. Комитеттин каржылоо иш аракетти
5. Комитеттин кайра уюштуруу жана жоюу
1. Жалпы жоболор
1.1. Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетти (мындан ары комитет)
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык түзүмү болуп эсептелет. Ал юридикалык жак болуп, Жалал-Абад шаарында бирдиктүү мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырат жана жаш курагы 14 жаштан 35 жашты кошуп алгандагы жаш адамдар.
1.2. Комитет өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, анан ичинде Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө жана Балдар Кодексине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлык жана тескемелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, «Коммерциялык эмес уюмдары жөнүндөгү”, “Жаштар жөнүндөгү” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, макулдашууларга, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин, Жалал-Абад шаардык мэриясынын чечимдерин, ошондой эле ушул жобого ылайык иш жүргүзөт.
1.3. Комитет жүргүзгөн иш-аракеттер боюнча жана иш кагаздарынын мыйзамдуулугу
үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп берет жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде, зарыл болгон учурда расмий же башка тилдерде жүргүзөт.
1.4. Комитеттин түзүмү жана штаттык бирдиги Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан аныкталып, Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан бекитилет жана ишмердүүлүгү боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясына отчёт берет. Жалал-Абад шаардык мэриясы Комитеттин иш-аракетин көзөмөлдөйт.
1.5. Комитеттин кыргыз тилинде толук аталышы «Жалал-Абад шаардык жаштар
иштери боюнча комитет»;
орус тилинде: «Комитет по делам молодёжи города Жалал-Абад»;
Комитеттин негиздөөчүсү болуп Жалал-Абад шаардык мэриясы эсептелинет.
Комитеттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу,
Жалал-Абад шаары, Барпы-Сейил көчөсү №28
2. Комитеттин юридикалык статусу, максаттары, укугу, милдеттери жана иш- чаралары
2.1. Комитеттин юридикалык статусу - юридикалык жак болуп жергиликтүү кеңештин сессиясында макулдук берилип, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин эсептелет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары бар мөөрү, штамптары белгиленген үлгүдөгү бланкатары жана башка кабыл алынган реквизиттери, официалдуу атрибуттарга ээ.
2.2. Комитеттин максаты - жаштардын укуктук, экономикалык, социалдык, ишкердик, уюштуруучулук ж.б. потенциалын өнүктүрүү, коомдук жана мамлекеттик мааниси бар демилгелерин колдоо, жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын ишке ашыруу, жаштардын руханий-адеп-ахлак нарктарын калыптандыруу, балдарга жана үй-бүлөлөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, жаштардын ыктыярдык ишин жүргүзгөнгө мамлекеттин ишинин бардык чөйрөлөрүнө тартуу. Жаштарды жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, дин тутуусу, курагы, саясий же башка көз караштары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө болуп саналат.
2.3. Комитеттин укуктары - жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу, укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
менчигинин түрүнө, ээлигине карабастан юридикалык жана жеке жак менен бартердик келишим түзүүгө;
- кредиттик мекемемелерден (банктардан) эсеп ачууга жана аны улуттук, чет элдик
акчалар менен колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын аймагында ошондой эле чет жер менен кат алмашууга,
жазууга, телефон аркылуу юридикалык, жеке жактар менен байланышууга;
- комитет ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө пайдалануу үчүн жеке жана юридикалык жактардан жана ошондой эле чет элдик тараптардан инвестицияларды тартат жана башка жактан түшкөн каражаттарды жобого ылайык максаттуу пайдаланууга;
- комитет чарбалык өндүрүүдөгү ишке ашкан кирешесин бөлүштүрүүгө жана сарптоого;
- комитет укук коргоо чөйрөсүндө, ыйгарым укуктуу мекемелер, кызыктар болгон жактар менен иш тажырыйбасы, усулдук иштери менен тажырыйба алмашууга;
- комитеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоо инфраструктураны жакшыртууга, жаңы технологияларды колдонуу үчүн инвестицияларды тартууга;
- Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын долбоорлоруна белгиленген тартипте сунуштарды берүүгө;
- мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, менчиктин ар кандай формасындагы
ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге комитеттин ишмердүүлүгүнө тиешелүү
маселелер боюнча кайрылууга;
- Жалал-Абад шаарынын мэриясынын демилгеси менен республикалык жана эл аралык деңгээлдеги уюмдарга Жалал-Абад шаарынын кызыкчылыктарынын таламдарын билдирүүгө;
- коомдук уюмдар, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдар менен КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдерди
түзүүгө;
- бул чөйрөдө иштеген кызматкерлерди белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтүүгө;
- келишимдин негизде (донордук мекемелердин каржылоосунда) комитеттин компетенциясына кирген маселелерди изилдөө жана консультация алуу үчүн илимий
мекемелердин, адистерди, эксперттери жана илимпоздорду, чет элдиктерди тартууга;
- Комитеттин иштин кызыкчылыгы үчүн сотто доогер жана жоопкер катары өз алдынча чыгууга;
- Комитет бөлүмдөрдү (секторлор, командалар, секциялар, жумушчу топтор ж.б.) иштин
маанилүү багыттары боюнча түзүүгө. КРнын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүргүзүүгө.
2.4. Комитеттин милдеттери - ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды
жана жаштардын аярлуу топторун (турмуштук оор кырдаалга кабылган жаштарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды) мамлекеттин ишинин бардык чөйрөсүнө тартуу;
- жаштардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер
боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү орнотуу;
- жаштардын демилгелерин ишке ашыруу аркылуу чечимдерди кабыл алуу процессине катышууга жаштардын кызыгуусунун деңгээлин жогорулатуу;
- жаштардын кесиптик өзүн-өзү аныктоосуна жана иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүү;
- жаштар чөйрөсүндө улуттар аралык (этностор аралык) жана конфессиялар аралык
ынтымакты бекемдөө;
- экстремизмдин, улутчулдуктун идеологиясына, коррупциянын көрүнүштөрүнө, социалдык, диний, расалык, улуттук таандыктыгынын белгилери боюнча басмырлоого
жана башка терс социалдык көрүнүштөргө каршы турууга мүмкүндүк берүүчү адеп- ахлактык принциптердин тутумун түзүү;
- үй-бүлөлүк мамилелердин маданиятын калыптандыруу жана жаш үй-бүлөлөрдү
колдоо;
- сергек жашоо образын пропагандалоо жана таланттуу жаштарды колдоо;
- КРнын мыйзамдарына белгиленген тартипте мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндө эл аралык кызматтааштыкты өнүктүрүү;
- жеке жаштарды өркүндөтүү, кошумча билим алуу, кесипке багыт берүү, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын чыгармачыл жөндөмдөрүн өркүндөтүү көндүмдөрүнө ээ болууга, ошондой эле улуттук маданиятты калыптандырууга багытталган жергиликтүү жаштар үчүн окутуу кызматтарын көрсөтүү;
- шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын жаштар комитеттери менен иш алып
барууга.
2.5. Комитеттин иш-чаралары - жалпы билим берүүнүн, кесиптик жана кошумча билим берүүнүн сапаты, жумуш менен камсыз кылуу, турак жай, турмуштук оор кырдаалда турган өспүрүмдөргө, жаштарга жана жаш үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүү маселелерин чечүүгө, бош убактысын, эс алуусун уюштурууга багытталган улуттук, аймактык, муниципалдык өнүгүү программаларын ишке ашырууга катышат, баңгиликтин алдын алуу, жаштар арасындагы укук бузуулар, балдарды кароосуз калтыруу жана өспүрүмдөрдү тобокелге салган жаштарды реабилитациялоону ишке ашырат;
коомдук мааниси бар жумуштарды акысыз жүргүзүү, өспүрүмдөрдүн аярлуу катмарына, жаштарга кызмат көрсөтүү максатында жаштардын өнүгүүсүн жана маданий эс алуусун уюштуруу, ыктыярдуу кыймылын өнүктүрүү боюнча балдар, активист жаштар жана жергиликтүү коомдук бирикмелер, жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттенет;
жаштардын баалуулуктарын жана адеп-ахлактык көрсөтмөлөрүн калыптандырууга,
жарандыкка, маданий мурастарга, каада-салтка, тарыхка, сергек жашоо образына сый
мамиле кылууга, инсандын билим жана кесиптик муктаждыктарын канааттандырууга
багытталган консультациялык ошондой эле окутуу кызматтарын көрсөтөт;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте диний экстремизмдин,
терроризмдин өспүрүмдөрдүн жана жаштардын башка коомдук көрүнүштөрүнүн алдын алуу иштерин жүргүзүп, жергиликтүү жаштардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш алып барат;
жаштар саясатын жергиликтүү деңгээлде жүзөгө ашырууга байланыштуу илимий-
изилдөө иштерин жүргүзөт, усулдук документтерди жана сунуштамаларды, маалыматтык материалдарды иштеп чыгат;
ушул жободо каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн кошумча финансылык жана материалдык ресурстардын булактарын тартат;
жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык программаларды
ишке ашырат;
инновациялык социалдык долбоорлорду ишке ашырууда жаштардын жана балдардын коомдук уюмдарына, клубдарына колдоо көрсөтөт;
калк арасында жакырчылыктын жана жумушсуздуктун өсүшүнүн шартында жаш жарандардын өз алдынча иш менен камсыз болушунун өсүшүн стимулдаштырат;
мамлекеттик жаштар саясатын өнүктүрүүгө байланыштуу шаар аймагында шаардык жана республикалык жаштар иш-чараларын (көргөзмөлөр, жарманкелер, фестивалдар, кароо-сынактар, эмгек биржалар, мелдештер, олимпиадалар, семинарлар, тренингдер, дебаттар, талкуулар ж.б.) белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт;
жыл сайын статистика Комитет менен биргеликте жаш жарандар жана жаштар уюмдары жөнүндө эсеп жүргүзөт;
жарандарды кабыл алат, алардын оозеки жана кат жүзүндөгү кайрылууларын өз убагында баарын карап чыгып, жообун КРнын мыйзамында белгиленген мөөнөттө билдирүүнү камсыз кылат;
Комитеттин ишмердүүлүгү тууралуу коомчулукка маалымат берет. КРнын мыйзамдарына ылайык башка иш-аракеттерди жүргүзөт.
3. Комитеттин башкаруу жана кызматкерлеринин эмгек мамилелери
3.1. Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетти муниципалдык орган болуп, анын уюштуруучусу – Жалал-Абад шаардык мэриясы эсептелинет.
3.2. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңеши комитеттин Жобосун бекитет жана
ага зарыл болгон учурларда шаардык мэриянын сунушу менен өзгөртүү жана толуктоолорду киргизет.
3.3. Жалал-Абад шаардык мэриясынын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
- комитеттин жылдык иш планын бекитет жана ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө квартал сайын жана жылдык отчетту кабыл алат;
- комитеттин ишмердүүлүгүн текшерүү чечимин кабыл алат;
- комитеттин мүлкүнүн ырааттуу жана максаттуу пайдалануусуна көзөмөл жүргүзөт;
- комитеттин кайра уюштуруу жана / же жоюу жөнүндө чечим кабыл алат;
- комитеттин төрагасын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат
жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын талаптарына ылайык кызмат
орундары үчүн өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы менен дайындоо жана бошотуу;
- комитеттин түзүмүн, штаттык бирдиктердин санын жана штаттык жадыбалын
бекитүү;
- комитеттин ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка маселелерди чечүү.
3.4. Төраганын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
- комитетке жалпы жетекчилик кылат;
- ага берилген укуктардын чегинде буйруктарды жана башка чечимдерди кабыл
алат;
- комитеттин атынан ишеним катсыз Кыргыз Республикасынын аймактарында,
мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, соттук процесстерде ишкананын кызыкчылыгын коргоо, керектүү учурларда ишкананын кызыкчылыгын коргоо үчүн мыйзамда бекитилген тартипте башка адамдарга ишеним кат берүү;
- комитеттин кызматкерлерин ишке кабыл алуу, бошотуу, эмгек өргүү берүү, иштөө
режими, эс алуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүү;
- комитеттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза берет;
- эмгек графигинин эрежелерин жана кызматтык нускамаларын бекитет, аткаруучулук, эмгек тартибин сактоо боюнча чараларды көрөт;
- ички административдик документтерди жарыялайт, кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- кызматкерлердин ортосундагы функционалдык милдеттерди бөлүштүрөт, оперативдүү, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана борбордун компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү боюнча борбордун системасын башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- каржылык, статистикалык жана башка отчётторду даярдайт, аларды өз убагында
жана бекитилген форма боюнча тиешелүү органдарга берет, анын тууралыгы үчүн жооп
берет;
- комитеттин жылдык бюджетинин долбоорлорун даярдоо жана Жалал-Абад шаарынын мэриясына сунуштайт;
- комитеттин жана атайын каражаттарын максаттуу пайдалануу боюнча жеке жоопкерчиликте болот;
- комитеттин коргоо талаптарын эмгек жана технологиялык коопсуздукту уюштуруу;
- комитеттин аткарылып жаткан ар бир жумуштун (көргөзмөлөр, жарманкелер, фестивалдар, кароо-сынактар, эмгек биржалары, мелдештер, олимпиадалар, семинарлар, тренингдер, дебаттар, талкуулар ж.б.) сапатын көзөмөлдөйт.
3.5. Жалал-Абад шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин штаттык бирдиги.
№ Кызматтык орду Сан бирдиги
1. Төрага 1
2. Башкы адис - кадр жана иш кагаздар адиси – юрист 1
3. Жетектөөчү адис - бухгалтер 1
4. Жыйноочу 1
Жалпы 4
3.6. Кызматкерлердин эмгек мамилелерине төмөндөгүлөр кирет:
- комитеттин кызматкерлеринин укутарын жана иш милдеттери Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелерин жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актылар, ушул
жобо, ички ченемдер жана эмгек келишими менен аныкталат жана төрага тарабынан
бекитилет;
- бирдей көлөмдөгү жумушту аткарган кызматкерлерге түрдүү эмгек акы төлөөгө жол берилбейт жана эмгек келишимдерде маянасын жана башка социалдык төлөмдөрдү
төлөө шарттары жана суммасы көрсөтүлөт;
- комитеттин кызматкерлери тарабынан маалыматтарды коомчулукка жарыялоого жол берилбейт жана конфиденциалдуулукту сактабаган кызматкерлер мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат;
- комитеттин мүлкүнө кызматкерлер тарабынан зыян келтирилген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кызматкер материалдык жоопкерчиликке
тартылат.
4. Комитетти каржылоо иш аракетти
4.1. Комитеттин ишмердүүлүгүн каржылоо булактарына төмөндөгүлөр кирет:
- жергиликтүү бюджет;
- жергиликтүү казыналык менен алыш-бериш, эсептешүү, эл аралык, коомдук, бей өкмөт уюмдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан кайтарамсыз берилүүчү каражаттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка кирешелер;
- финансылык-чарбалык иш аркетине көзөмөл Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган компетенттүү органдар тарабынан жүзөгө ашырылат;
- эсеп жана каржылык отчеттун тууралыгына, аларды жүргүзүүнүн тартибинин сакталышына төрага жана эсепчиси жеке жоопкерчиликтүү болот;
- комитеттин чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн уюштуруучу тарабынан өткөрүлүп берилген жана балансында турган каражаттар ишкананын мүлкү болуп эсептелет жана өткөрүлүп берилген мүлктү иреттөө, сактоо Кыргыз Республикасынын
граждандык кодексине (230-берене) ылайык жүргүзүлөт;
- комитеттке оперативдүү башкарууга берилген мүлктөрдү жана каражаттарды сатууга, ижарага берүүгө жана күрөөгө коюуга жол берилбейт;
- өзүнүн чарбалык иш-аракетинин жыйынтыктарын эсепке алууну, белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчёттуулукту жүргүзөт;
- зарыл болгон учурда, окутуу, конференция, маданий, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө катышкан адистердин эмгек акысынын чыгымдарын жана маалыматтык буклеттерди, веб-сайттарды, жалпыга маалымдоо
каражаттарында жарыялоолорду түзүү жана колдоо.
5. Комитетти кайра уюштуруу жана жоюу
5.1. Комитеттин ишмердүүлүгүнүн токтотулушу ал жоюлган учурда ишке ашат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жоюу жана кайрадан
түзүү жолу менен:
- комитеттин ишмердүүлүгүн жоюу жана кайрадан түзүү маселеси Жалал-Абад шаардык мэриясынын чечими менен аткарылат;
- комитетти кайра түзүү укугу жана милдети анын мураскерине таандык;
- комитет жоюлган учурда мыйзамдардын негизинде Жалал-Абад шаардык мэриясы
жоюу боюнча комиссия түзөт;
- комитеттин иш-аракеттеринин токтотулушу юридикалык жактардын мамлекеттик
билдирүү реестрине жоюлгандыгы тууралуу тийиштүү маалымат киргизилгенден кийин иш-аракети токтотулган болуп эсептелинет;
- комитет жоюлган учурда анын мүлкү мэриянын карамагына өтөт;
- комитет кайра түзүлгөн же жоюлган учурда жумуштан бошотулган кызматкерлерге
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде укуктары сакталат;
- комитеттин ишмердүүлүгүн жүргүзүү процессиндеги иш кагаздарды жана документтер, Кыргыз Республикасынын “Улуттук архивдик фонду жөнүндө” мыйзамынын негизинде аткарылат жана тийиштүү мекемелерде сакталат.
Жооптуу катчы: | О.Эшенкулов. |