ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын I заседаниеси
2021-жылдын 12-майы № 1/2
Жошолу айылдык кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана Жоболоруна каршы келбегендей регламентти талкуулоонун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жошолу айылдык кеңешинин регламенти кабыл алынсын. (регламент толук тиркелет).
2.Бул регламенттин так, мыйзамдуу аткарылышын камсыздоо бардык депутаттардын жана туруктуу комиссиялардын милдети экендиги белгиленсин.
3.Бул регламентти Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облустук Юстиция башкармалыгына берүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Ж.Зикировго тапшырылсын.
4.Ушул токтомду аткаруу жагы айылдык Кеңештин депутаттарына , ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын.
Заседание алып баруучу жашы эң улуу депутат: |
А. Муңайбасова. |