Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХXIX кезекcиз сессиясы
2024-жылдын 23-апрели № 148/29-28
«Киров көчөсүнүн сугат каналдарына темир-бетон арык лотокторун орнотуу» долбоорун артыкчылыктуу деп табуу жөнүндө
Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси - Н.О.Мамырканованын «Киров көчөсүнүн сугат каналдарына темир-бетон арык лотокторун орнотуу» долбоорун ишке ашыруунун зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Киров көчөсүнүн сугат каналдарына темир-бетон арык лотокторун орнотуу» долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Орловка шаарынын мэриясы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү фонддорго өтүнмө берсин жана башка финансылык булактарды тартсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы - Т.Э.Асанбековго жана Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |