Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126 токтомуна) |
Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жобо жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоо тартибин белгилейт.
3. Бул Жобонун колдонулушу райондук маанидеги шаарларга жана айыл аймактарына жайылтылат.
2. Документтерди берүүнүн тартиби
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мекемелерди энергетикалык текшерүүнүн жүрүшүндө энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген алар үчүн белгиленген лимиттер менен бюджеттик мекемелер боюнча электр энергиясын керектөөнүн жылдык эсептөөлөрү жөнүндө маалыматты жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга берет.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар мекемелерди энергетикалык текшерүүнүн жүрүшүндө энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген алардын лимиттерине ылайык электр энергиясына чыгымдары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсептик керектөөлөрүн текшерет жана райондук маанидеги шаарлар жана айыл аймактары боюнча жыйынды маалыматты бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык берет.
6. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын электр энергиясына болгон жылдык керектөөлөрү тууралуу маалыматка ылайык республикалык бюджеттен каржылоо үчүн зарыл болгон акча каражаттарынын жалпы көлөмүн аныктайт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештердин чечимине ылайык жергиликтүү бюджетте турган бюджеттик мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн карыздарын жоюуга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп бере алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Эсептөөлөрдү тариздөө жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларына жүктөлөт.
3. Каржылоо тартиби
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын бөлүштүрүүчү электр компаниялары менен биргеликте ай сайын керектелген электр энергиясы үчүн өз ара эсептөөлөрдүн салыштыруу актыларын түзөт жана алардын натыйжалары боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга расмий кат менен электр энергиясына акы төлөөгө салыштыруу актыларынын көчүрмөлөрүн жана эсеп-фактураларды берет.
9. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар керектелген электр энергиясы үчүн акы төлөөгө берилген эсептерге жана өз ара эсептердин салыштыруу актыларынын көчүрмөлөрүнө ылайык каржылоого жыйынды өтүнмөнү ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык тариздейт жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
10. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген жыйынды өтүнмөлөргө ылайык каржылоого жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга акчалай каражаттарды ай сайын бөлөт.
11. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бөлүнгөн финансылык каражаттарды учурдагы карыздарды жабуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген төлөөгө алынган эсептерге ылайык Кыргыз Республикасынын бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялары боюнча бөлүштүрөт.
12. Кыргыз Республикасынын бөлүштүрүүчү электр компаниялары:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын берген эсептерине ылайык керектелген электр энергиясы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карыздарын аларга мурун коюлган эсептер боюнча гана жабат;
2) райондук маанидеги шаарлар жана айыл аймактары боюнча ар бир бюджеттик мекеме боюнча керектелген электр энергиясы үчүн карызды жабуу жөнүндө маалыматты ай сайын райондук мамлекеттик администрацияларга берет.
13. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан энергетикалык текшерүүнүн жүрүшүндө энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген электр энергиясын керектөөнүн бекитилген лимиттеринин сакталышын ай сайын контролдойт жана алардын ашып кеткендиги белгиленген учурда лимиттен ашкан акчалай сумманын айырмасы тийиштүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.
14. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керектелген электр энергиясын каржылоо үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчалай каражаттарды өз убагында которуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
|
| Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
|
| Бекитилди Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы |
|
| ____________________________________ (аты-жөнү) |
|
| ____________________________________ (кол тамгасы, мөөрү) |
ЖӨБО электр энергиясына чыгымдарынын эсеби
Райондун аталышы, айыл аймактары жана райондук маанидеги шаарлар боюнча | Мекемелердин саны | Жылдык керектөө | Анын ичинде кварталдар боюнча | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | ||||||||
Лимит кВт/с | миң сом | кВт/с | миң сом | кВт/с | миң сом | кВт/с | миң сом | кВт/с | миң сом | ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Райондук мамлекеттик администрациянын башкы бухгалтери | ___________________ | ___________________________ |
| кол тамгасы | аты-жөнү |
|
|
|
Бөлүштүрүүчү электр компаниясынын начальниги (БЭК) | ___________________ | ___________________________ |
| кол тамгасы | аты-жөнү |
|
| Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
|
| Бекитилди Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы |
|
| ____________________________________ (аты-жөнү) |
|
| ____________________________________ (кол тамгасы, мөөрү) |
Керектелген электр энергиясы үчүн ЖӨБО чыгымдарын каржылоого өтүнмө
Райондун аталышы, айыл аймактары жана райондук маанидеги шаарлар боюнча | Мекемелердин саны | 20__ -ж.__________ карата иш жүзүндө эсептөө | Эскертүү | |
кВт/с | миң сом | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Райондук мамлекеттик администрациянын башкы бухгалтери | ___________________ | ___________________________ |
| кол тамгасы | аты-жөнү |
|
|
|
Бөлүштүрүүчү электр компаниясынын начальниги (БЭК) | ___________________ | ___________________________ |
| кол тамгасы | аты-жөнү |