Редакцияот 26.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын II кезексиз заседаниеси

2021-жылдын 26-майы № 2/1

Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

2021-жылга карата айылдык кеңештин иш планын бекитүү боюнча Жошолу айылдык кеңешинин катчысы Ж.Зикировдун маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жошолу айылдык кеңешинин 2021-жылга карата иш планы бекитилсин (№ 1 тиркеме).

 

2. Айылдык кенештин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планында белгиленген маселелерди жетекчиликке алуу жана аткарылышын камсыздоо айылдык кенештин депутаттарына, туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

Ж.Орозбай уулу.