Редакцияот 21.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 29-отуруму

2024-жылдын 25-январь  № 29/3

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүдө

Коңур-Дөбө айылдык кеңеши жайыт комитетинин төрагасы Р. Боронбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бир жылдык бюджетине каралган 145,0 миң сомдун 1/3 бөлүгү 48333 сомду айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө, жер салыгын эске алуу менен калтырылсын. (тиркеме тиркенлет) 

2. Жыл ичинде алыскы жайыттардан түшкөн салыкты сметада каралган суммадан ашыкча түшсө кошумча смета түзүп, чыгаша бөлүгүнө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алцуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Т.Бегматов