ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III кезексиз заседаниеси
2021-жылдын 29-июну № 3/4
Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин иш абалы, жайыт комитетинин төрагасынын алты айлык отчету жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин иш абалы, жайыт комитетинин төрагасынын
алты айлык отчетун угуп жана талкуулап кемчилдиктерди эске алуу менен
Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин төрагасынын 2021-жылга карата алты айлык иши депутаттардын сын сунушун , кемчиликтерин эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2.Айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин 2021-жылга карата түзүлгөн бюджети 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрдү тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.
4.Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар менен Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамына жана айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Кенжебаевге жана айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбай уулуна жүктөлсүн.
Төрага: | К.Матабаров. |