Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отуруму
2024-жылдын 25-январь №29/4
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 5-главасынын 50-беренесинин 3-пунктуна ылайык Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөт башчысынын жыл ичинде аткарган иштеринде айрым аткарылуучу иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Бегматов |