Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 31-июля № 23-1
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу А.Чыңгараев атындагы орто мектебинин эски имаратын жана ордун бала бакчага берүү жөнүндө 2019-жылдын 28-декабрдагы №7-3 токтомуна өзгөртүү киргизү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу А.Чыңгараев атындагы орто мектебинин окуу бөлүм башчысы М.Ташбаеванын 2021-жылдын 01.-июнундагы сураныч катына карап ,Н.Исанов атындагы айыл округунун башчысы Б.Кудайбердиевдин 2012-жылдын 10-апрелиндеги №24 токтомуна ылайык, Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу А.Чыңгараев атындагы орто мектебинин эски имаратын жана ордун бала бакчага берүү жөнүндө 2019-жылдын 28-декабрдагы №7-3 токтомуна өзгөртүү киргизүү менен 1,66 га жер тилкесинен 0,30 га жер тилкесин мектепке чийинки билим берүүгө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-41-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын турак жай кодексинин 13-88-беренелеринин негизинде мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу А.Чыңгараев атындагы орто мектебинин окуу бөлүм башчысы М.Ташбаеванын 2021-жылдын 01-июнундагы сураныч каты канааттандырылып , 2019-жылдын 28-декабрдагы №7-3 токтомун өзгөртүү менен Н.Исанов атындагы айыл округунун башчысы Б.Кудайбердиевдин 2012-жылдын 10-апрелиндеги №24 токтомунун 2-пунктундагы А.Чыңгараев атындагы орто мектепке тиешелүү болгон 1,66 га жер тилкесинен 0,30 га жер тилккесин мектепке чейинки билим берүү мекемесине Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-41-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын турак жай кодексинин 13-88-беренелеринин негизинде мөөнөтсүз пайдаланууга ажыратып берилсин.
2. А.Чыңгараев атындагы орто мектебинин эски имаратынын ордунан берилген мектепке чейинки билим берүү мекемесине тургундардын чогулушунун протоколуна карап, Парча эне» атын ыйгаруу менен Жер тилкесине, курулушуна тиешелүү юридикалык иш кагаздарын «Кадастр» мамлекеттик мекмесиинин Ноокат филиалынан, Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан даярдоо М.Айдаровго,М.Ташбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жолдошов |