КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 29-отуруму
2024-жылдын 25-январы №29/5
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы, 2024-жылга өнүгүү планын жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын угуп, 2024-жылга өнүгүү планын жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу программасын бекитүүнү карап,талкуулап Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу программасы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн стат.экономист кызматкери Т.Романовго тапшырылсын.
Төрага: | Т.Бегматов |