Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-марты № 145
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында коллизиянын пайда болушуна жол бербөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 26 саны менен жарыяланды.
Төрага | А.У. Жапаров |