Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 24- отуруму (сессиясы)
2021-жылдын 14-августу № 24-4
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Тотоев Нематилланин Жаңы-базар айылында жайгашкан жеке менчигиндеги 1000,0 чарчы метр заправка багытындагы жер тилкесинин максаттуу пайдалануу багытын турак жай багытына өзгөртүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Тотоев Нематилланин жеке менчигиндеги 1000,0 чарчы метр заправка багытындагы жер тилкесинин максаттуу пайдалануу багытын турак жай багытына өзгөртүү жөнүндөгү Тотоев Нематилланин 2021-жылдын 12-августундагы айылдык кеңештин төрагасына жазган арызына ылайык, Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 22-июлундагы 142/21-корутундусунун, Ноокат райондук оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2021-жылдын 26-июлундагы №014-144 сандуу чыгыш катына негиз , Ноокат райондук электр тармагынын 2021-жылдын 26-июлундагы №115 корутундусунун, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-14 статьяларынын Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-41-беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын турак жай кодексинин 13-88-беренелеринин негизинде айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын тургуну Тотоев Нематилланин жеке менчигиндеги 1000,0 чарчы метр заправка багытындагы жер тилкесинин максаттуу пайдалануу багытын, турак жай багытына өзгөртүү жөнүндө арызы канааттандырылсын.
2. Жер аянтына,курулушуна тиешелүү юридикалык иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизип, даярдап берүү жагы «Кадастр» мамлекеттик мекмесиинин Ноокат филиалынан, Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
3. Максаттуу багыты өзгөртүлүп берилген жер тилкесин өз багытында натыйжалуу пайдалануу,айлана-чөйрөсүн таза кармоо жана тиешелүү мамлекеттик ишканалардын корутундуларын,сунуштарын жана архитектуралык талаптарын аткаруу Тотоев Нематилла Кашкарыевичкемилдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жолдошов |