Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын”

 

2024-жылы 16-январы №1

 

“Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын 2024-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө”

 

Өрүктү айылдык аймагынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы иштеп чыккан Өрүктү айылдык аймагынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше, чыгаша бөлүктөрүн, жергиликтүү Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жыл 12-январындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:

1. Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 46 660,1 миң (кырк алты миллион алты жүз алтымыш миң бир жүз) сом, чыгаша бөлүгү 46 660,1 миң (кырк алты миллион алты жүз алтымыш миң бир жүз) сом болуп жана атайын каражаттын киреше бөлүгү 1 400,0 миң (бир миллион төрт жүз миң) сом, чыгаша бөлүгү 1 400,0 миң (бир миллион төрт жүз миң) сом болуп бекитилсин.

2. Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жалпы кирешесинин 1% бөлүгү 466,7 миң (төрт жүз алтымыш алты миң жети жүз) сом резервдик фондго калтырылсын.

3. Айылдык аймакта табигый кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу үчүн 350,0 миң (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты табигый кырсыктар үчүн жергиликтүү бюджеттин 2215 статьясында туруусу камсыз кылынсын.

4. Жогорудагы каражаттарды статьялар боюнча бөлүштүрүү жагы айыл аймактын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.

5. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева.