Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-февраы № 17-2
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020- жылдан калган калдык акча каражатынын 2021-жылга бөлүнүшү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдан калган калдык акча каражатын 2021-жылга иштетүү боюнча Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 44-беренесинин 4 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдан бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 2822,2 миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 352,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2020-жылга калган калдык акча каражаттан аппарат кызматкерлерине КР Өкмөтүнүн № 131 токтомунун 4 пункутунун негизинде 2 айлык үстөк акча каражаты жана калган акча каражаттарын чыгашалары боюнча багыттар № 1тиркемеге ылайык берилсин.
3. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | М. Тойчуев |
Н.Исанов атындагы айылдык кенешинин 7-чакырылышынын
кезексиз 17-отурумунун № 17-2 токтомуна
№ 1 тиркеме
Н.Исанов атындагы өкмөтүнүн 2020-жылдан бюджетик счетунан калган калдык акча каражаттарынын 2021-жылына чыгымдалышы
№ |
Чыгашалардын аталышы | Сумма миң сом |
1 | Айыл өкмөттүн кызматкерлерине эки айлык өлчөмүдө кошумча эмгек акыга | 778,7 |
2 | Социалдык төлөмгө | 134,3 |
3 | 2020-жылга карата турак жайларды катоонун кредитордук акысына | 66,1 |
4 | Ош мамлекеттик архив ишканасына кредитордук акысына | 10,0 |
5 | Департамент гос.экспертизага кредитордук акысына | 46,1 |
6 | 1С программасына өтүүгө | 61,3 |
7 | Айыл өкмөттүн кеңсесини жанына эс алуу бакчасына | 700,0 |
8 | Долбоорлорду даярдаганга | 415,0 |
9 | Айыл аймагына караштуу айылдардагы жарыктандырууну оңдоого | 100,0 |
10 | Кожоке айылындагы трансформаторлорду оңдоого | 110,0 |
11 | Федоров атындагы айылынын Карабаш участкасындагы сел өтүүчү каналды тазалоо, темир бетон латокторду орнотууга ЧП Амиракуловго кредитордук акысына |
400,6 |
| Бюджеттин жалпысы | 2822,2 |
1 | Атайын каражаттарга | 352,8 |
| Жалпысы | 3175,0 |
Н.Исанов атындагы айылдык
кенешинин жооптуу катчысы : Н. Атаканова