Редакцияот 25.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

(Жошолу айылдык кеңешинин

2021-жылдын 25-августундагы № 6/2

токтомуна ылайык)

 

Жошолу айыл өкмөтүнүн Ленин-Жол айылынын Кара –Токту участкасынын элдик жыйынынын

ПРОТОКОЛУ № 14

 

Ленин-Жол айылы

“ 20 ” август 2021-жыл

 

 

Катышкандар

Жыйынга 120 адам катышты

 

 

Жыйындын төрөагасы:

А.Жеенбеков

 

 

Катчысы:

М.Арзиматов-айыл башчы

 

Кун тартибиндеги маселе:

 

Жошолу айыл өкмөтүнүн Кара –Токту участкасына Кара-Токту айыл макамын ыйгаруу жөнүндө

Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча жыйындын төрөгасы Абдираим Жеенбеков чыгып төмөндөгүлөргө токтолду.Урматтуу жыйындын катышуучулары Ленин-Жол айылы эки бөлөк калктуу конуштан тургандыгына байланыштуу,Кара-Токту айылына өзүнчө айыл макамын алуу сунуш кыламын. Эгерде Кара-Токту айыл макамын алып алсак айылдын инфаструктурасы өнүгүп бала-бакча, мектеп ж.б соц-обьектилер курулууга шарт түзүлөт эле.

Айыл тургуну: Тыныбеков Шермат биздин көптөн берки чечилбей келген маселебиз каралып жатат. Бул маселени көпчүлүк эл көтөрүп чыкты, ошондуктан Кара-Токту айылына өзүнчө макам алсак жакшы болмок эле.

Кабыл уулу Жакшылык айыл тургуну: Жогорудагы сөздөргө мен дагы толугу менен кошуламын, анткени эң туура маселе козголуп жатат.

Айыл аксакалы Токтобаев Зарипбек: Илгери СССР убагында Кара-Токту айылы өзүнчө айыл болгон элек.Ошол мезгилде балдардын метиркалары жана башка документтерлеринде Кара-Токту айылы деп жазылып келген.Азыркы биздин сунушубуз Ленин-Жол айылынын Кара-Токту участкасына өзүнчө айыл макамын алып алсак жакшы болмок.

 

Жогорудагылардын негизинде элдик жыйын

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Ленин -Жол айылынын Кара-Токту участкасына өзүнчө Кара-Токту айылы макамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушу Жошолу айылдык кеңешинен суралсын.

2. Иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.

3. Жогорудагы чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Жыйындын төрөагасы:

А. Жээнбеков

Жыйындын катчысы:

М. Арзиматов

Кол коюучулар:

1.  Кабыл уулу Жакшылык

2.  Сулайманов Адаш

3.  Тыныбеков Шермат

4.  Жээнбеков Абдиибрагим

5.  Максүтова Айнура

6.  Сүйдиева Замира

 

Жана башка дагы жалпы 120 адам кол койду.